Бишкек шаарында 27-августка карата 1139 жаңы үлгүдөгү таштанды салуучу челектер орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Азыркы күндө “Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды салгычтарды жасоо жана орнотуу боюнча сунуштар келип түшүп жатат. Бир жаңы челектин баасы орнотуу иши менен 2,5 миң сомду түзөт экен.