20-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 242 миң 726га жетти. Алардан 85 миң 676 адам айыгып ооруканадан чыкса, өлүмдүн саны 9 миң 870ке жетти.
Вирустун очогу болгон Кытай Эл Республикасында жуктургандар 81 миң 172 адам болуп, алардын 71 миң 249у оорудан айыкса, 3 миң 251 адам вирустан каза болду. Муну менен Кытайда сутка ичинде 2 өлүм катталды.
Вирустун экинчи очогу болгон Италияда көрсөткүч дагы деле жогорулоодо. 41 миң 35 адам вируска кабылып, 4 миң 440 адам ооруканадан айыгып чыгарылды, ал эми 3 миң 405 адам көз жумду.
Өлкө аймагында оорунун жайылуусу боюнча 3-орунда турган Иранда 18 миң 407 вируска кабылган учур катталып, анын 5 миң 710у айыкса, 1 миң 284 киши каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.