Республикалык штаб: Түнкү жана компьютердик клубдар, кинотеатрлар, балдар үчүн көңүл ачуучу жайлар жабылат

Коронавирустун алдын алуу максатында өлкөдөгү кинотеатрлар, түнкү жана компьютердик клубдар жабылат. Мындай чечим бүгүн, 16-мартта өкмөттүн өлкө аймагында коронавирустун алдын алуу жана анын жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча кезектеги жыйында кабыл алынды.

"Жыйындын жүрүшүндө адамдардын массалык топтолушун чектөө жана ата-энелерге балдарын үйүндө кармоо сунушталды. Ошондой эле профилактикалык максатта түнкү жана компьютердик клубдар, кинотеатрлар соода борборлорунда жайгашкан тамактануу зоналары, балдар үчүн көңүл ачуучу жайлары жабылат. Бардык юридикалык жана физикалык жактар үчүн убактылуу чектөө алынганча массалык иш-чарларды өткөрбөө жана кызматкерлер менен кардарларды дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 16-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алуу фактылары катталбаганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2020-03-16 21:06:55
Тойканаларды да жапкыла.эл кичине эс алсын.конверт ташый берип тажашты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан