Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 215 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары - 17;
Ош шаары - 19;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу - 41;
Талас облусу - 1;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу - 63.
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 47 миң 56га жетти.