"Манас" аба майданынын жанындагы мурда Ганси авиабазасы жайгашкан аймактагы карантиндик жайдын шарттары жакшыртылды.
19-март күнү өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аэропорттун аймагында жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча түзүлгөн жайдын шарттарын текшерип чыкты. Аталган жайга министрлик тарабынан 803 орундук керебет, жууркан, телевизор, муздаткыч орноштурулгандыгы маалымдалды. Ошондой эле жарандарды кабыл алуучу жай күнүнө эки ирет дезинфекцияланып жатат.
Министр Замирбек Аскаров азыркы таптагы обсервациядагы чет өлкөдөн келген жарандар менен жолугушуп, алардын суроо, пикирлерин укту. Министр айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен кемчиликтерди жоюу маселесин тиешелүү министрлик, ведомстволор менен комплекстүү чечиле тургандыгын билдирди.