Депутат Тиллаев тойлорду токтотуп туруу боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин айтты

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Депутат Таабалды Тиллаев суроо-жооптор кайталанып жатканын айтты. "Коронавирусту жайылтпоо боюнча чара көрө турган, чечим кабыл ала тургандарды бул жерде кармап отурабыз. Депутаттар макул болсо саат 12:00дө өкмөт өкүлдөрүн жөнөтсөк туура болмок.

Азыр мындай кырдаал өкмөткө эле тийиштүү эмес. Баарыбыз биримдикте болушубуз керек. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз зарыл. Кытай дагы мындай оор күндөрдөн чыккан. Биз дагы мындай учурдан чыгышыбыз керек. Тойлорду токтотуу боюнча чечкиндүү кадамдарга барсаңар жакшы болмок", - дейт эл өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан