Бүгүн, 20-мартта саат 9:00дө коронавирус боюнча өкмөттүн интернеттеги расмий каналы аркылуу түз эфир өттү. Анда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн түрүндө маалымат берди. Белгилей кетсек, коронавирус боюнча маалымат жыйын күн сайын өтөт.
Министр өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абал тууралуу кыскача маалымат берүү менен журналисттер тарабынан алдын ала кат түрүндө жиберилген суроолорго жооп берди.