Дарыканаларда, ооруканаларда бет каптар бар, бирок азайып жатканы айтылды

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирусту алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөт маалымат берүүдө.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дарыканаларда, ооруканаларда бет каптар бар, бирок азайып жатканын айтты. "Бет каптарды сатып алуу боюнча башка мамлекеттер менен дипломатиялык жол аркылуу сүйлөшүп жатабыз. Бүгүнкү күнү эл аралык уюм гуманитардык жардам катары бир топ бет каптарды берип жатат. Азыр Дубайда, жакын арада Бишкекке келет. Бет кап менен камсыз кылуу боюнча иш алып барып жатабыз", - дейт Өмүрбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2020-02-26 19:48:52
Баасын көтөргөндөргө бир чара көрөсүңөрбү ошону да айта кетпейсиңерби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан