Буга чейин Сауд Арабиясында калган 3 Кыргыз жараны ден соолугуна байланыштуу өлкөгө келе албагандыгы маалымдалган. Алар дагы деле дарылануусун Сауд Арабиясында улантып жатышат деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
"Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз жарандары учурда дарыланып жатышат. Аларда коронавирустун симптомдору жок", - деди министр Космосбек Чолпонбаев.