Түркияда коронавирустан бир адам каза болду

Түркияда коронавирустан бир адам каза болду. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

"Коронавирус менен жабыркап жаткан 89 жаштагы жаран каза болду. Ал Кытайдан вирусту жуктуруп алган жаран менен байланышта болгон. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 98ге жетти", - деп билдирген ал.

18-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 197 миң 139 болсо, алардын ичинен 7 миң 916 адам каза болду. Ал эми сакайып, ооруканадан чыккандар 81 миң 738 киши.

Бүгүн, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган 3 Кыргыз жараны аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aika1988
2020-03-18 11:57:09
Кыргыз олкосундо катталбай атты эле.Ошон учун мурунтан катуу козомолдош керек эле.Умрадан келгендер той беришип эмне кылышат дейм да.Коопту болуп жатканда.Кудайым сактасын Эми Кыргыз элимди.
+7
Arina07
2020-03-18 12:08:35
17 грудуста вирус озу эле олот деп жатты элего?
+4
Jelezo
2020-03-18 12:21:42
Arina07,Арабияда өлбөгөн вирус оңой менен өлбөйт окшойт
+6
Aika1988
2020-03-18 12:33:17
Arina07,Ошо да 17эмес 20градустан ашып жатат го.Бирок озбекстандын Бир кабарында журот го нымдуу жерлерде коп пайда болот кун ысык жерлерде аз болот деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан