Толкунбек Абдыгулов: "Коронавирустан улам иши токтогон жарандарга жардам берилет"

Бүгүн, 20-мартта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөдө доллар көтөрүлүп кеткени тууралуу маалымат жыйын берүүдө. Коронавирус оорусунан улам иши солгундап жаткан жарандарга жардам берилерин айтты.

"Биз банктар менен сүйлөшүү жүргүздүк. Кредит алып, коронавирустан улам иши солгундап жаткан жарандарга жардам берилет", - деп билдирди Улуттук банктын төрагасы.

Кечээ, 19-мартта банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу баасы 85 сомго чыкты. 10 күн мурда эле анын баасы 69-70 сомдун тегерегинде эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Muratmipa
2020-03-20 11:23:30
Жакшы жанылык элге кичине болсо да женилдик болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан