Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу 1081 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бишкек шаары - 640;
Ош шаары - 71;
Чүй облусу – 99;
Ош облусу - 58;
Талас облусу - 14;
Нарын облусу - 17;
Ысык-Көл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 91;
Баткен облусу - 63.
Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 121 миң 946га жетти.