Иранда коронавирустан улам ар 10 мүнөт сайын бирден жаран каза болууда

Иранда коронавирустан улам ар 10 мүнөт сайын бир адам каза болууда. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Киянуш Жаханпур жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Айтымында, дүйнөнүн туш тарабына жайылып жаткан коронавирус Иран мамлекетине катуу сокку урду. Аталган вирусту 1 саат ичинде 50 жаран жуктуруп, ал эми ар 10 мүнөт сайын бул вирустун кесепетинен бирден жаран каза болууда. Иран мамлекетинин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ираджа Харирчинин билдирүүсүнө ылайык, вирустун тездик менен тарап жатышы жарандардын коомдук жайларга жана массалык түрдө киши топтолгон жайларга баруусу, ошондой эле дарыгерлердин эскертүүсүн толук аткарбагандыктан болууда.

Бүгүн, 20-мартка карата алынган маалыматтар боюнча, Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 18 миң 407, каза болгондордун саны 1 284, ал эми оорудан айыккандардын саны 5 миң 979 адамды түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан