Жумушка бара тургандар дагы жанына маршруттук баракча алып жүрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозвалиев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Ал маршруттук баракчаны колго деле жазып алса боло турганын билдирди. Болгону жарандар баракчаны максаттуу колдонушу керектигин белгиледи. Маршруттук баракча милиция кызматкерлерине берилбей турганын кошумчалады.
Ошону менен катар эле ал жарандар улгайган ата-энелерине күндүз азык-түлүк жеткире турган болсо, аларга күч органдары тоскоолдук жаратпай турганын айтты.