Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу, профилактика жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус инфекциясынын тарашына бөгөт коюу максатында Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук арена 20-марттан тарта убактылуу жабылат. Белгилей кетсек, башкы спорттук аренада эл аралык квалификациялык мелдештерге жана олимпиада оюндарына даярданып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн курама командаларынын мүчөлөрү гана машыга алышат", - деп билдиришти агенттиктен.