Март айынан бери Орусиядан өлкөгө 16 миңден ашуун жаран кайтып келди

Эл аралык аба каттамдар убактылуу токтотулгандан баштап дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен мекендештерибиз чартердик каттам менен өлкөгө кайтышууда. Алсак, 2020-жылдын 20-мартынан тартып 13-июлуна чейин Орусиядан 16 миң 581 Кыргыз жараны кайтып келген. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Мекендештерди өлкөгө кайтаруу үчүн Орусия тараптан жалпы 66 авиакаттам, мындан тышкары Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу туруктуу аба каттамдар ачылган эмес жана Орус-Казак чек арасы жабык. Буга байланыштуу элчилик Кыргыз жарандарын чыдамдуу болууга жана чек арага барбоого чакырат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nnn.sss
2020-07-14 23:19:37
Балеенин баарын алып келген, созго тушунбогон ушул" кайтып келгендер",чыдап отура турса болмок бул жакта кырдаал силердин келишинер менен кучоду,кок мээлер,оло соккум келип атат тилимди тишиме басып отурам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан