Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев Кочкор району боюнча уюштурулган ар бир айылдагы посттордун ишмердиги менен таанышты.
Кара-Тоо, Ак-Жар, Чолпон, Орток, Ара-Көл, Туз, Оро-Башы, Теңдик, Сары-Булак, Исакеев, Жаңы-Жол айылдарынын кире беришиндеги посттордун абалы, көйгөйлөрү менен таанышып, андагы элдик кошуун менен пикир алмашты.
Посттордогу ишмердиктер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, постту 24 саат бою кайтаргандарга ыраазычылыгын билдирди. Өз сөзүндө район башчысы элге мамиле кылууда түшүндүрүү менен иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.