Өзбекстанда коронавирус аныкталган алгачкы жарандар сакайып баштады

Өзбекстанда коронавирус аныкталган алгачкы жарандар сакайып баштады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Анда жазылгандай, дүйнөгө тарап жаткан вирустан Өзбекстан Республикасынын жарандары дагы жабыр тартууда. Ал эми алгачкы вирустун белгилери аныкталган жарандар сакайып баштаганын өлкөнүн санитардык-эпидемиологиялык агенттиктин директору Бахром Алматов билдирген.

"Учурда коронавирус инфекциясын алгачкы жолу жуктуруп алган жарандар сакайып башташты. Алар өздөрүн жакшы сезип жатат. Ал эми башкаларынын абалы канааттандырарлык", - деген ал.

Мындан сырткары медициналык мекемелерде керектүү дары-дармектер, натыйжалуу дарылоого жана ооруну убагында аныктоого керектүү шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалаган.

Азыркы тапта Өзбекстанда коронавирусту жалпы 33 жаран жуктуруп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aiza-esenalieva
2020-03-20 22:08:07
Эч ким оорубасынчы
+6
portugalia
2020-03-20 22:13:59
Жакшы жанылык экен.Биздин жарандарыбыз да жакшы болуп кетишсин.
+8
sirenaaaaa
2020-03-20 22:27:54
portugalia,биздикилер сразу эле чыгабыз деп жатышса жакшы окшойт го женилинен. Башкаларга жукпаса болду
+4
Kuban-1207
2020-03-20 22:32:22
Жакшы жаңылык
+4
Bezlisa
2020-03-21 00:04:31
БУЙРУСА бизде да баары жакшы болуп кетет....!!!!!

Бүгүн жакшы жанылык бар экен БУЙРУСА СУПЕР ИНФОдо.....!!!!!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан