25-августтан 31-августка чейин Тажикстандын Худжанд шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Ош шаарынан 6 спортчу катышып, 60 килограммдык салмакта Токтомамат Шамшидин уулу 1-орунду, Аваз Жоробаев (70 кг) 1-орунду, Чыңгыз Чырмашов (70 кг) 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Заир Тагаев бүгүн, 27-августта билдирди.