Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында коронавирус оорусунун алдын алуу үчүн бүгүн, 21-мартта убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Республикалык штабдын бүгүн, 21-мартта чыгарган убактылуу чечимдери:
1. Каракол шаарынын ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;
2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;
3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19:00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан көп болгон кафе, ашканалар жабылсын.
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган дагы 6 жаран аныкталып, өлкөдө бул оору менен ооругандардын жалпы саны 12ге жетти.