АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Эл аралык саламаттыкты сактоо уюму Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык коргонуу жабдыктарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 11-март күнү АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги аркылуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өнөктөштүктө 10 миң хирургиялык костюм, 10 миң мээлей, 200 коргоочу көз айнек жана 200 N95 респиратор тапшырды. Жабдуудан тышкары 3-мартта АКШ өкмөтү бул вирус менен алышууга 37 миллион АКШ долларын бөлгөнүн жарыялады. Бул каражат 25 мамлекетте, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнө эпидемиянын таралышын токтотууга көмөк көрсөтүүгө багытталат. Кыргыз Республикасынын санитардык жана эпидемиологиялык кызматы бул жабдыкты тиешелүү медициналык мекемелерге таратат", - деп жазылат маалыматта.