Ош шаары боюнча коронавирустун 84 очогу аныкталды. Эми ал аймактар карантинге алынып, адамдардын каттоосу чектелет. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ош шаарынын вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Жыйында Ошто коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 280 адамга жеткени айтылды.
"Учурда обсервацияларда 441 тургун жатат. Оорудан айыгып чыккандардын саны 188 адам. Тилекке каршы, 6 жаран бул илдеттен улам көз жумду. Ош шаарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Көптөгөн мекемелер иштей баштады. Буга байланыштуу илдетти жуктуруп алгандардын арасында ошол мекемелердин кызматкерлери дагы бар. Мисалга алсак, кечээ, 15-июнда 18 кызматкерден коронавирус аныкталды, алар 204-205 адам менен байланышта болгон экен. Бүгүн 11 адамдан аныкталып, алар менен 150-160 адам байланышта болгону аныкталды.
Ош шаары боюнча коронавирустун 84 очогу аныкталды. Эми ал аймактарды карантинге алып, адамдардын каттоосун чектейбиз. Болбосо жарандардын көбү санитардык талаптарды аткарбай калышты", - дейт вице-мэр.