Жалал-Абад шаарына коронавируска шектүүлөрдүн жана алар менен байланышкан жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн мобилдүү лаборатория алып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-март Жалал-Абад шаарына, коронавируска шектүүлөрдүн жана байланышта болгон жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн Ош шаарынан мобилдүү лаборатория алып келинди. Ал Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жайгаштырылды.
Аталган кызматтын башчысы Дүйшөн Курманалиевдин берген маалыматында, лаборатория менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер келди. Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулары кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт", - деп жазылат билдирүүдө.