Бүгүн, 19-июнда президент Сооронбай Жээнбеков бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин тар курамында жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин отурумунда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маселе каралат. Анда вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясын алдын алуу жана оорунун андан ары жайылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат беришет.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июнга карата өлкөдө 132 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, жалпы ооругандардын саны 2 миң 789га жетти.