Ырчы Дайыр Исмадияров: "Бизди Кыргыз өлкөсү эмес, Казакстан Египеттен алып кетмей болду"

Учурда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарынан келе албай жаткан ырчы Дайыр Исмадияров бүгүн Казакстанга учарын SUPER.KG порталына айтты.

"Бизге Кыргыз өлкөсү чартердик авиакаттам уюштуруп бере алган жок. Башында "Авиатрафик" компаниясы алып кетет деп жатышкан. Ал болбой калды, эмнеге ишке ашпай калды, себебин да айтышкан жок. Бизди бүгүн, 22-мартта Казакстандын авиакомпаниясы чартердик каттам менен алып кетмей болду. Учактын билетинин жарымын кыргыз өлкөсүнүн туристтик компаниясы, жарымын өзүбүз төлөмөй болдук. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Алматыдан тосуп алып, Кыргыз өлкөсүнө түз алып кетчү транспорт уюштуруп берди. Ошого деле рахмат", - дейт Дайыр.

Ырчы өлкөгө келген соң алар үй карантинине алынарын кошумчалады.

Буга чейин Египеттен 100дөн ашуун жарандар Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатканы тууралуу жазылган. Кечээ, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев чартердик авиакаттам уюштурулуп, алардын маселеси чечилгенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Kona8631
2020-03-22 15:55:34
14 кун жат Эми озунчо
+7
Alixan-Nookat.2015
2020-03-22 16:18:56
Акчасынын жарымын компания эмес өзүңөргө эле толук төлөтпөптүр.
+7
Stels
2020-03-22 16:23:02
Бул Ким? Мунканып эле аткан.
+3
abusait
2020-03-22 16:34:59
Ушунча негативди окуп Дайыр байкуш жаман болдунго.
+7
Tyty1990
2020-03-22 16:47:02
Куураттынго куураттын деген эле Күмөндөр Абылов
+5
fanatka19
2020-03-22 17:56:51
Кыргыз окмоту суйлошкон учун казак чартер жиберди.Дайыр опконду басчы кичине,мен суйлошуп атам,мен чогултуп атам деп эле куйгуздун го.Сен эмне казактар менен туз суйлошуп чартер чакырттынбы?Билеттин жарымын озубуз толой турган болдук дейт,сен ойногону кетсен сага анан мен толомок белем.
+9
rafo80
2020-03-22 18:12:45
Үй карантинине эмес кадимки эле больницада эле 14 күн карантинге алыш керек буларды. Үйүнө жөнөтсө гөтү жер жыттабай дагы кетет дос-туугандарын аралап.
+7
Tolik777
2020-03-22 18:49:31
Каап Дайыр, бир кун куто турганда мен сага озумдун жеке учагымды жонотойун деп жатпадым беле.
+7
ulanbek2000
2020-03-22 23:33:55
Сени Казактар сыйлаптыр.ХХХХХ.
+2
kechirmeni
2020-03-23 09:12:22
Жаман тойгуздун да
+3
aiba_00
2020-03-23 09:27:29
Лукашенко айткандай угуп туруп эмне чыгышат эс алганы, жанды кашайтасынар да. Эс алмак турсун кийим алгын келбей турат ушул маалда, тамак аш мн даарыга туруп турсун акча деп.
+2
amirrus
2020-03-23 10:01:03
Рахмат кыргыз бийлигине десен э чычым,казактар алып чыкты дебей ,мамлекет суйлошкон учун чыктын болбосо сени сураган Адам да болмок эмес,эми кысып жат карантинде Кудай деп
+3
Uli6886
2020-03-23 10:08:04
Ушу б.к жегени барасынарбы анан чет элге вирус чыгып атса....
+2
senchi
2020-03-23 12:11:33
Дайыр Кыргызстандын сенден башка кылатурган иши жок бекен. Озун бардынбы озун келда сенин проблеманы кайсыл компания жонотсо ошолор чечиш керек. ХХХХ
+2
miki87
2020-03-23 12:19:53
Туура эмес налыганын. Канча налог толойт экен мамлекетке? Док кылганга жараша иш жасап анан док кылсан жакшыраак болмок. Биро туура айтыптыр чычым деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан