Бүгүн, 31-мартта Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министринин орун басарлары Нурлан Өмүров жана Надира Жусупбекованын катышуусунда онлайн жыйын өтүп жатат. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылганы тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат”, - деди ал.