26-августка карата унаага болгон салыктан мамлекеттик бюджетке 161 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта маалымат жыйынында Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Орозбек Алыбаев билдирди. Айтымында, 3-сентябрдан баштап унаага салык төлөбөгөндөргө болгон көзөмөл күчөтүлөт. “Кыймылдуу мүлккө салыктын 100 пайыз төлөнгөнүнө ынанмайынча текшерүү жүргүзүлө берет. Эгерде салык төлөнбөгөн болсо, физикалык жактар үчүн 2 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 5 миң сом айып пул салынат. 2012-жылы унаага болгон салыктан 179 миллион сом чогулган”,- деди ал.