Айыл жергесинде үй-бүлө кургандардын 60 пайызы кызды ала качышат

Жыл сайын кризистик борборлорго, аксакалдар сотуна, ички иштер башкармалыктарына 10 миң аял үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси менен кайрылат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кайрылуулардын 30 пайызы көп аялдуулукка байланыштуу болсо, айыл жергесинде үй-бүлө кургандардын 60 пайызы кызды ала качышат. Ал эми түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан айымдардын 70 пайызы зордук-зомбулукка чыдабай, күйөөлөрүн өлтүрүшкөндөр. Аталган министрлик гендердик саясат боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана зомбулукка туш келген айымдар үчүн түз байланыш ачууну сунуштоодо.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан