Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү ШКУнун журналынын 1-бетине чыгат. Бул тууралуу Москвада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш журналисттери катышкан форумда аталган уюмга караштуу аналитикалык порталдын башкы редактору Татьяна Синицына билдирди. Айтымында, портал 2007-жылы атайын ШКУ долбоорун маалыматтык жактан колдоо үчүн түзүлгөн. “Биз маалыматтык билдирүүлөрдөн сырткары интернетке жыл сайын ШКУга төрагалык кылуучу өлкөлөр тууралуу маалымат бере турган журнал чыгарабыз. Быйыл Кыргызстан тууралуу жазабыз. Журналдын биринчи бетине мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү чыгат”,- деди Синицына. Маалыматка ылайык, журналда бардык өлкөлөр тууралуу маалымат болот, бирок быйыл Кыргызстан тууралуу кенен маалымат жазылат. Ошондой эле анда Кыргызстандын президентинин журналдын окурмандарына кайрылуусу, анын сүрөтү менен катар кыргызстандык бир журналисттин Ата Мекенге болгон сүйүү жөнүндө макаласы, Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин Ч.Айтматовго арналган макаласы жана Татьяна Синицынанын кыргызстандыктардын тагдыры тууралуу материалы басылат. Журнал учурда басмаканага берилген. Ал сентябрь айында ШКУнун Кыргызстанда өтүүчү саммитине чейин даяр болот.