Өзбекстан Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттарды (бет кап, көз айнек жана костюм) тапшырды

Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (бет кап, көз айнек жана костюм) тапшырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аталган жардам Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ишке ашырылганы белгиленди.

"Бул комплект формалар облустагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик көзөмөл постторундагы кызматкерлерге берилет. Мындай кийим-кечелер муктаждыкка жараша дагы алынат. Буга чейин Фергана облусунан 2600 даана таңгакталган медициналык марли жана 1 тонна 400 килограмм дезинфекциялоочу каражаттар алып келинген. Учурда мындай коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан