Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаарындагы жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылып берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек Жусубалиев учурдагы кырдаалды эске алып, улуу Рамазан айы кирип келгендиктен өкүлчүлүк 40 миң рублдун тегерегинде жардам баштыкчаларын даярдаганын айткан.
"Биз дагы ушундай оор кырдаалда кол куушуруп карап турбастан, колубуздан келишинче иштебей үйүндө отуруп калган мекендештерге жардам бергибиз келди. Аларга күнүмдүк тамак-аш азыктарынан ун, май, макарон, пияз, картошка, күрүч, гречка, курма, бет кап, намаз китеби салынган баштыкчаны жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратып бердик. Мындай кайрымдуулук жардамы кийин дагы улантылат", - дейт Сүйүнбек Жусубалиев.