Коронавирус катталган күндөн бери Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарында оор кылмыштар катталган жок

18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус алгачкы ирет катталганын билдирди.

Бүгүнкү күндө жуктургандардын саны 14 адам.

18-марттан 23-мартка чейин Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарында оор кылмыштар катталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустагы милициянын басма сөз кызматтарынан билдиришти.

Алардын айтымында, майда кылмыштар катталып жатат. Ал эми Ош облусунда бул күндөр аралыгында кылмыштар эки эсеге азайганын маалымат катчы кошумчалады.

Ошондой эле SUPER.KG порталы ушундай эле суроо менен Талас, Баткен облусуна, Ош жана Бишкек шаардык милициясына кайрылды. Азырынча алардан жооп келе элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bazar
2020-03-23 23:06:38
Баары кысчу жерлерин кысып отуруп калышты да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан