Гана өлкөсүндө 1 адам 533 адамга коронавирус жуктурганы аныкталды

Гананын суу жээгиндеги Тема шаарында 1 адам балыкты кайра иштетүүчү заводдо 533 адамга коронавирус жугузган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Жаңы катталган 921 адамдын 533ү эки күндүн ичинде катталган, алар бир жерде эмгектенчү жана вирусту бир эле адамдан жугузуп алышкан", - деп жазылат маалыматта.

Өлкөнүн башчысы карантиндик чектөөлөрдү май айынын аягына чейин узарткан. Ал элди эрежелерди сактоого чакырган.

Гана өлкөсүндө жалпы 4 миң 700 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 494 адам айыгып чыкса, 22 бейтап илдеттен көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2020-05-12 00:53:14
Тууй ата,бир адам бир адамга жугузса утушмак экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан