Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү: "Учурда төрөтканаларда коронавирус жуктурган фактылар жок"

Бүгүн, 23-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берди. Анда SUPER.KG порталы эпидемиологиялык абалга байланыштуу төрөтканалардагы коопсуздук чаралары тууралуу сурады.

"Бүгүнкү күндө төрөт үйлөрү мурункудай эле режимде иштеп жатат. Бирок бардык дарылоо мекемелерине күчөтүлгөн карантиндик режим киргизилген. Мындан улам төрөтканада жаткан энелердин туугандарына келүүгө тыюу салынган. Ошондой эле чет жактан келген кош бойлуу айымдар үчүн өзүнчө кирүү эшиктери менен карантиндик зона каралган. Алар башкалардан обочолонуп жаткырылат. Учурда төрөт үйлөрүндө коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар катталган жок. Энелер ымыркайлары менен үй карантинине эле чыгарылууда", - деди Акматова.

23-мартка карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 16. Мындан тышкары Пакистанга даваатка барган бир Кыргыз жараны вирусту жуктуруп алганы аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zevs
2020-03-23 22:32:24
Jalalabat mamlekettik universteti jumuwka chakyryp jatatko ne bularga bizdin den sooluk kerek emespi. Kalp ele karantin dep jataby je kochogo chyksak boloberebi.
0
Nuri1988Elim2010
2020-03-23 22:47:43
Сүрөт кандай жөнөтсөк болот админ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан