"Абдулманап Нурмагомедовдун тезирээк сакайып кетишин тилейм". Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовду колдоду

UFC уюмунун атактуу ирландиялык мушкери Конор Макгрегор жеңил салмактагы UFC чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу колдоого алды. Бул тууралуу ирландиялык мушкер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.

"Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм. Бул киши күрөштүн бардык түрү боюнча дүйнө чемпиондорун тарбиялаган чыныгы гений", - деп жазган Конор Макгрегор.

Мындан сырткары ирландиялык мушкер машыктыруучунун ден соолугуна байланыштуу бул кабарга кайгырып жаткандыгын белгилеген. Колдоо сөздөрүн UFC жетекчиси Дана Уайт дагы билдирген.

Буга чейин, 25-апрелде Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов пневмонияга шектелип, ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nina.alex
2020-05-14 08:49:20
Конордун адамкерчиликтуулугу хабибадан ойдо турат
+29
KalenAlmaz
2020-05-14 08:54:36
Хабип бир тууганым дегендер бар беле бизде?
+15
001KG
2020-05-14 21:00:20
KalenAlmaz, Мусулман бир тууганым, дешет, атак чыныгы мусулман антип кан жалашып мушташпайт, бул жөн эле мусулман теерисин жамынган бир шордуу.
+2
Jama_inst
2020-05-14 10:07:35
Конор всегда лучший
+8
Sakura715
2020-05-14 10:21:24
Конор эн мыкты Адам!
+10
AidaKurman
2020-05-14 20:09:29
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсин. Анан супер инфодон суранаарым Алина аттуу айымдын баласы Саянчик жонундо да жаза кетсенер.Жардам беруучулор чыгып калаар деген умут. Жок дегенде окуп калганда ыйык Рамазан айында дуба кылышса дейм. Инстаграм баракчасы alina. o. f. f. i. c. i.a.l
+1
admin_portal
2020-05-14 22:43:41
AidaKurman, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
Tymar
2020-05-14 21:03:41
Тенирим жакшылык гана буюрсун.
-7
Blueaffair
2020-05-15 04:37:18
Конорго канча акча толонду экен вирус паникалардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан