Нарын. Облустагылар кара тумоонун алдын алууга аракет кылышууда
Маалымат жыйынга тиешелүү адистер катышты.
Ысык-Көл облусунда катталган кара тумоо оорусунан кийин Нарын облусундагылар да ойлонуп, бул дарттын алдын алуу аракетин көрүшүүдө. 26-августта тийиштүү тармактагы адистер облус башчы менен бирге жыйын өткөрүп, коңшу облустагы абалды талкуулашты. Адистер тобу бүгүндөн тарта жайлоолордо рейд жүргүзүшүп, тиешелүү аймактарды көзөмөлгө алышат. Жайлоодон кыштоого түшүп келе турган малдар жана чабандар текшерилип, эмделет. Эске сала кетсек, Нарын облусунда акыркы жолу 1800-жылы Баш-Кайыңды айылында кара тумоо катталып, бир нече адам каза тапканы тарых барактарында жазылып калган.