24-марттан кийин чартердик каттамдар токтотулат. Чет өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандарын коргоо максатында республикалык штаб чартердик каттамдарды 24-мартка чейин жүргүзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
24-мартка чейин жүргүзүлүүчү чартердик каттамдар:
"Аэрофлот" авиакомпаниясы тарабынан күн сайын Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва каттамдары учат. Айрым каттамдардын учуу убактысы өзгөртүлдү:
- 23-мартка белгиленген AFL 1882 - Москва-Бишкек каттамынын убактысы саат 04:50дөн 19:00гө (Бишкек убактысы менен) жылдырылды.
- 23-мартка белгиленген AFL 1883 - Бишкек-Москва каттамынын убактысы саат 06:05тен 20:15ке (Бишкек убактысы) жылдырылды.
- 23-март күнү саат 04:35ке белгиленген SU 1894 - Москва-Ош каттамы кечки саат 19:00гө (Бишкек убактысы) жылдырылды.
- 23-марттагы SU 1895 - Ош-Москва каттамынын учуу убактысы саат 05:45тен 20:10 (Бишкек убактысы) деп өзгөрдү.
Суроо-талаптар боюнча 24-мартка чейин төмөнкү каттамдар жүргүзүлөт:
- "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы тарабынан Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург каттамы;
- "Авиа Траффик" компаниясы Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Сургут-Бишкек, Бишкек-Дели-Бишкек каттамдары;
- "S7" авиакомпаниясы Новосибирск-Бишкек-Новосибирск каттамын жүргүзөт.
Белгилей кетсек, жарандардын коопсуздугу үчүн 22-марттан баштап жүргүнчүлөрдү "Манас" жана "Ош" аэропортторунан узатып же тосуп алууга баргандарга убактылуу тыюу салынган.