Беларуста Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата парад уюштурулмай болду

Беларуста өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карабай Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад уюштурулмай болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта мамлекет жетекчилигинин чечимине жарандар каршы чыкканы айтылат.

"Жарандардын кайрылуусуна Беларустун коргоо министри Виктор Хренин "аскердик параддар бул элдин улуттук кызыкчылыкты коргоого даяр экендигинин символу жана эрдик менен чыдамкайлыкка сый көрсөтүү" деп жооп берген. Мындан тышкары министр парадга даярдык көрүү аскердик даярдыктан өтүүнүн бир бөлүгү экендигин белгилеген", - деп айтылат маалыматта.

Беларуста коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны 6 миң адамдан ашуун, ал эми каза болгондордун саны 51 адамга жетти. Ага карабай Беларусь карантиндик режим киргизилбеген мамлекеттердин катарын толуктап келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-04-21 12:03:09
Кучтуу политик Лукош.
0
bessmertiy
2020-04-21 13:06:19
Элини кырып албаса
+1
murat17
2020-04-21 13:35:43
bessmertiy,ушул созуно кошулбайм буга чейин футбол хоккей жана башка чемпионаттар отуп жатат бул олкодо сен айткандай болгондо давно кырылып калмак
-1
Samatalibei
2020-04-21 17:14:10
Бул ооруу менен ойношо турган оору эмес экенин билип туруп атайын кылып жаткандай! АКШ Италиядан сабак албайбы булар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан