Сентябрь айында “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” аттуу акция өтөт

23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” аттуу акция өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 30-сентябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында болуучу бул иш-чарага Кыргызстандын бардык жарандары катыша алат. Акция мамлекеттик тилдин конституциялык макамын көтөрүү, социалдык, коомдук маанисин жогорулатуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштарды кыргыз тилинин кызыкчылыгын коргоого тарбиялоо максатында өткөрүлөт. "Акциянын жүрүшүндө коомдук тамактануу, оюн-зоок жайларында, соода борборлорунда, базарларда тейлөө кызматтары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, кыргыз тилиндеги музыкалар жаңырууга тийиш. Ал эми мекеме, уюмдарда жыйындар, чогулуштар жана башка иш-чаралар кыргыз тилинде өтүп, иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде Мамлекеттик тил күнүнө карата жыйындар, семинарлар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү",- деп жазылган билдирүүдө. Иш-чаранын жыйынтыгы октябрь айынын аягында чыгарылып, жигердүү катышуучулар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриясы тарабынан белектер менен сыйланышат.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Э.Эрматов кыргыз журтчулугуна акын катары да кеңири таанымал. Ал бир нече ыр жыйнактардын автору жана "КРнын Эл акыны" наамынын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан