АКШ коронавирус жайылган штаттарына Улуттук гвардиясын кызматка тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Нью-Йорк штатына Улуттук гвардиянын өкүлдөрү кирип, көчөлөрдө жүк ташуучу унаалар чиркелген Хамви аскердик унаалардын бир тобу коюлган.
"Нью-Йорк, Калифорния, Вашингтон штаттары АКШнын Улуттук гвардиясы аталган кризис менен күрөшүүгө эффективдүү жардам берет деп ишенүүдө. Биз документке кол койдук, ал ишке кирет", - деп билдирген Трамп.
Президенттин айтымында, АКШ бийлиги башка штаттар менен да бул маселеде иш алып барууда.