Иорданиянын аэропортторунда 5-августтан баштап эл аралык аба каттамдары калыбына келтирилет. Бул тууралуу Жарандык авиацияны жөнгө салуу комиссиясынын башчысы Хайсам Мисто билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Иорданиянын аэропорттору эпидемиологиялык кырдаалга жараша Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан ыкма менен тандалып алынган бир нече өлкөлөрдүн эл аралык аба каттамдарын кабыл алууга даяр", - деген Хайсам Мисто.
Ошондой эле 5-августтан баштап Иорданияга белгиленген өлкөлөр аба каттамын уюштура аларын кошумчалаган.
Азырынча так кайсы өлкөлөргө уруксат берилгени кабарлана элек. Буга чейин "Roya" басылмасы Иордания бийлигинин маалыматы боюнча коронавирус пандемиясында өлкө үчүн салыштырмалуу коопсуз болгон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Алар Канада, Кытай, Грузия, Малайзия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швейцария, Тайван, Таиланд жана Европанын 10дон ашуун өлкөлөрү кирген.
Иорданияда 17-мартта коронавирус пандемиясынын кесепетинен эл аралык аба каттамдары токтотулган.
Аталган өлкөдө 1 миң 154 адам коронавирус илдетин жуктуруп алса, 1 миң 36 бейтап сакайган. Тилекке каршы, 11 адам кайтыш болгон.