Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү үчүн которушат

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү үчүн которушат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирустун жайылышына жол бербөө максатындагы иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке министрликтин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуп берүү боюнча сунуш берип, министрликтин жамааты тарабынан колдоого алынганы айтылат.

"Педагогдор жамааты медициналык кызматкерлердин каармандык менен жүргүзүп жаткан эмгектерин моралдык жана материалдык жактан колдоого алаарын билдиришти. Кыргыз өлкөсүнүн жогорку жана атайын орто окуу жайлары бул илдеттин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп жатат жана атайын эсепке салым кошуу боюнча өз демилгелерин көрсөтүшүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз эли бул илдетти сабырдуулук, ынтымак, биримдик менен жеңээрине ишенип, дарыгерлердин күн-түн билбеген эмгегин жогору баалап, аларга атуулдук тилектештигин билдиришет" , - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jurogumdosun
2020-03-24 13:54:15
Мугалимдерине жооп бербейби, тентишип кундо калп эле жумушка барышым ушакташып келип жатышат
-4
Kulatov
2020-03-24 16:28:55
jurogumdosun,мугалимдер келип сенин бир нерсенди тартып алдыбы?сабатсыз экенинди ушунан билсе да болот мугалимдерге жооп бергенине бир жума болуп жатат.
0
aliya-leyla
2020-03-24 14:43:00
Мугалимдер качан эле карантин деп чыккан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан