28-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 690 миң 182ге жетти. Анын арасынан 2 миллион 349 миң 598 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 355 миң 575 адам көз жумду.
АКШда 1 миллион 699 миң 73 адам катталды. Андан 391 миң 508 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 100 миң 396 адам оорудан каза болду.
Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 411 миң 821 адам илдетти жуктурган. Оорудан 166 миң 647 адам айыкса, каза болгондордун саны 25 миң 598ге жетти.
Орусияда 370 миң 680 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 142 миң 208 бейтап сакайып, 3 миң 968 адам дүйнө салды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.