“Аэрофлот” авиакомпаниясынын Москва-Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрү аэропорттон өз билемдик менен чыгып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул каттамдын жүргүнчүлөрү бардык тийиштүү процедуралардан өтүшкөн.
22-мартка чейин коронавирусун жуктургандардын саны 1000ден аз болгон, эпидемиологиялык абал туруктуу болгон өлкөлөрдөн келгендердин баары тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин үй карантинине жиберилген. Республикалык штабдын чечими боюнча 22-марттан тарта чет өлкөлөрдөн учуп келген бардык жүргүнчүлөр тийиштүү процедуралардан – паспорт көзөмөлү, санитардык-карантиндик пункттан өткөндөн кийин, обсервация жайларына жеткирилүүдө.