Талас облусунда мал базарлардын иштөө тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, буга чейин облустун райондорундагы мал базарлар жума, ишемби жана жекшемби күндөрү иштесе, эми бардык аймактарда ишемби күнү гана иштейт.
"Илдеттин жайылуусун алдын алып, элдин топтолуусун чектөө максатында мал базарлардын иштөө убактысына өзгөртүү киргиздик. 25-майдан баштап мал базарлар ар бир аптанын ишемби күндөрү гана иштейт. Жарандар биздин чечимибизди туура түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз", - деди Мураталиев.
Ошондой эле өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жайлоого мал айдап кетүүгө 25-майдан баштап уруксат берилерин белгиледи.