"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде 600 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнөдө бүгүн, 19-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 56 миллион 178 миң 674 (+624425) адам жуктуруп алды. Анын ичинен 36 миллион 91 миң 767 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 347 миң 778 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 517 миң 455 болду. 250 миң 483 адам каза болсо, 4 миллион 350 миң 789 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 912 миң 907 адамдан аныкталды. 130 миң 993 адам каза болсо, 8 миллион 335 миң 109 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 945 миң 849 адам вируска кабылган. 167 миң 455 бейтап көз жумса, 5 миллион 383 миң 385 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан