ИИМ: "Аламүдүн районундагы 56 айылга карантин убагындагы эрежелер жана шарттар түшүндүрүлдү"

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан аймактарда карантин убагындагы эрежелер жана шарттар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-март күнү ИИМдин бардык кызматкерлери Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптары түшүндүрүлүп, түнү жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешти.

Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө деталдык-маршруттук планы иштелип чыгып, иш-чарага тартылган өздүк курамга тескемелер өтүлүп, так тапшырмалар берилди.

Иш-чарага 38 патрулдук милиция, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн -12, өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнөн - 16, милициянын кайгуул күзөт кызматынан - 12, Чүй ОИИББинен - 4, ИИМдин академиясынан - 50 кызматкер тартылып, катуу сүйлөөчү түзүлүштөрү менен жабдылган 38 унаа менен 56 айылды кыдырышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан