Бишкектеги №2 төрөт үйүндө эгиз наристе төрөгөн келин көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашевага байланышканыбызда билдирди. Айтымында, көз жарган келинге пневмония диагнозу коюлган. Ал кош бойлуулуктун 31-аптасында ай күнүнө жетпей, эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келген.
"Кош бойлуу аял төрөт үйүнүн обсервациясына COVID-19дун белгилери менен келип түшкөн. Дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жаткан. Операция жолу менен төрөп, бирок төрөттөн кийин абалы начарлап кетти. Биз анын өмүрүн сактоого аябай аракет кылганыбыз менен операциядан 5 күн өтүп көз жумду. Учурда балдары №4 төрөтканада, алар ара төрөлгөндүктөн, бир нече убакыт төрөтканада болушат", - деди Асылбашева.