Бишкек жана Ош шаарларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абал учурда жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилер иштегенге болбойт. Эгер тартип бузулса, таксисттердин унаалары атайын токтотулуучу жайына киргизилип, режимди бузгандыгы үчүн айдоочуларга мыйзамга ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөт.
Жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо кызматы транспорт каражаттарынын айдоочуларынан киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.