Бүгүн, 25-мартта саат 15:00гө карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу онлайн маалымат жыйын өтүүдө.
Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат берип жатат.
Ал кечээ, 24-мартта 96 адамдын анализдери шек жаратып жатат деген маалымат боюнча жооп берди.
"Алар кайра экинчи жолу тест тапшырды. Мына алардын ичинен жогоруда айтып кеткен эки жарандан коронавирус чыкты", - деди ал.